Видео – Адахан Мадумаровдун бүгүн өлкөдө түзүлгөн саясый кырдаалга карата билдирүүсү

Бүгүн, 1-июлда оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров кол тийбестик макамын алдырган Алмаз Атамбаевдин чыр салганынан улам өлкөдө түзүлгөн саясый кырдаалга карата билдирүү жасады.

Ал президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмаз Атамбаевдин ортосуна түшүп, арачы болууга даяр экенин билдирди.

“Мен аксакалдарга кайрылам, кыргыз эл баатырларына кайрылам: баатырдык көрсөтүңүздөр. Эгерде дале болсо унчукпай жата берген академиктерибиздин, эл акындарыбыздын, эл жазуучуларыбыздын, эл баатырларынын, той тамашада төрдө отурган азаматтарыбыздын кайдыгерлиги токтобой турган болсо: мен, дагы бир канча тарапташтарымды алып арачы түшүшкө аргасыз болом. Бирөөлөр айтышы мүмкүн Атамбаевге барып жолугуптур, Жээнбековго барып жолугуптур деп, мен экөө менен тең жолуга элекмин, экөө менен тең сүйлөшө элекмин. Оюндан от чыгат болуп, акылман сөзүнө ишенет, жаман күчүнө ишенет дегендей болуп күчкө ишенип отургандын кажети жок бүгүнкү күндө. Эч кандай жакшылыкка алып келбейт, сөзгө келиш керек. Акыл сөз айта турган аксакалдарыбыз турса ортодон жулунуп чыга калган болбойт го деп, адеп сактап, биздин каада-салтыбызды сактап бүгүнкү күнгө чейин келдик бирок, кайдыгерчилик, кайдыгерчилик дагы бир жолу кайдыгерчилик болуп жаткандан кийин аргасыз өзүнчө жол издөөгө мажбур болом. Сөзсүз түрдө сынчылар толо чыгат, бирок мен андан коркпойм. Кандай сындаса ошондой сындасын. Мага өлкөмдүн бүтүндүгү, элимдин бейпилдиги, мамлекетимдин келечеги керек!..”, – деди Адахан Мадумаров.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *