Видео – Аида Салянованын тарапкерлери УКМКнын алдында нааразычылык билдиришип, анын сурактан чыгышын 5 саат күтүп турушту

Экс-генпрокурор Аида Салянованы УКМК кечээ, 1-февралда саат 17.00.дөн 22.00.гө  чейин 5 саат суракка алды. Бийлик Салянованы 2010-жылы июлда Юстиция министри болуп туруп Максим Бакиевдин адвокаты Алексей Елисеевге адвокаттык лицензияны мыйзамсыз берген деп айыптоодо. Сурак учурунда Аида Салянованын тарапкерлери 5 саат бою УКМКнын алдында нааразычылык акциясын өткөрүп, сурактын жыйынтыгын күтүп турушту.

Видео: Сентябрь

1 ой-пикир

  • Райымбек Усупжанов says:

    Аида айым, өз көйгөйүн өзү, мыйзам чегинде чечип алса болмок. Мамлекеттин тагдырын чечип жаткансып,”ОБОН”дорду чогултуп алганын, өздөрү айткандай кудай деле көрүп турат.Ушул тапта кимдин үйүнө баш бакпа, эптеп күн өткөрүп жаткандар. Эртең менен балдарына мектепке барганга жол кире таап бергенге чамалары жетпегенин уксаң жаның кейийт. УКМКанын жанындагы жүргөн аялдарды карап көрүңүзчү, кийинген кийимдерин жана сүйлөгөн сөздөрүн? Болгондо да элдин атынан сүйлөп жатышат.Ал эми өздөрүнө окшогон байбичелер неберелерин бооруна кысып: Өлкөдө тынчтык, балдарыбыз аман болсо экен-дешип кудайдан тилеп олтурушканын ойлогон алар жок. Мени кызыктырганы кечки суукта жылуу үйдө бала-бакырасынын маңдайында, аларга мээримин төгүп, таттуу тамагын бышырып берип олтургандын ордуна, ит өлгөн суукта тиштери өтпөгөн саясатка аралашып жүргөнү. Же бир далилдүү дооматтары болсочу.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *