Видео – Айнура Акматова: “Бүгүн таажывирус табылган 26 адамдын баары 12-мартта умрадан келгендер жана аларга байланышкандар”

“Интернетте пайда болгон Ош жана Жалал-Абад облустарына бригада менен жөнөтүлүп жаткан медиктерди өзү менен кошо кургак тамак-аш жана коргонуучу кийим камдап алууга талап кылышууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Медицина кызматкерлеринин биримдигин бузууга багытталган маалыматтарды тараткандар аныкталып, кийинки чараларды көрүү үчүн тийиштүү органдарга берилет. Биздин медиктер – биздин жарандарыбыздын өмүрү жана ден соолугу үчүн күрөшүүдө өлкөнүн башкы ресурсу, биз аларды урматтайбыз, баалайбыз жана бардык керектүү каражаттар менен камсыздап жатабыз”, – деп билдирди бүгүн, 24-мартта КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк республикалык штабдын онлайн-брифингде.

“Дарыгерлерди жеке коргоо каражаттары менен камсыздалышы тууралуу: Ош жана Жалал-Абад облустарына кечээ күнү 1200, бүгүн 1400 даана беткап жана көз айнек комплектери жөнөтүлдү. Бүгүн таажывирус табылган 26 адам 12-мартта умрадан келгендер жана аларга байланышкандар”, – деди Айнура Акматова.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *