Видео – Айнура Акматова: “Таажывирус табылып ооруканада жаткан 44 кишинин ичинен 6 киши реанимацияга которулду”

“Реанимацияда жаткан 6 адамдан таажывирус табылган, булар ооруканада болчу да. Бүгүнкү күндө бүгүн булар реанимацияга которулгандар. Таажывирус табылган 44 адамдын баары ооруканада болчу. Алардын ичинен 6 адам реанимациягакоторулду. Кечээ дагы 2 адамдан таажывирус табылып, кошулду. буга чейин 1 эле адам реанимацияда болчу, эми кечээ 5 адам кошулуп, реанимацияда 6 адам дарыланып жатат. 122 адамды жөтөл, тамагы кычышып сыяктуу таажывирустун симптомдору болгону үчүн обсервациядан ооруканага жаткырганбыз. Азыр ооруканага жаткырылгандардын ичинен лабароториялык-клиникалык изилдөөлөрдөн кийин алардан таажывирус эмес грипптин вирустары чыгып, дарыланып сакайгандан кийин ооруканадан чыгып жатышат”, – деп билдирди бүгүн, 26-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *