Видео – Айнура Акматова: “Таажывируска шектелип ооруканага жаткырылган 34 адам өздөрүн жакшы сезип, үйлөрүнө чыгарылды”

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда таажывирусуна шектелип жаткырылган бейтаптардын ичинен өзүн жакшы сезип, сакайган 34 киши үйлөрүнө чыгып кетишти. Ооруканадагы 122 адамдын абалдары канааттандырарлык. Ал эми 6 жаран оор абалда жатышат. Орточо оор абалда 10 адам дарыланууда. Ооруканадан чыгарылган 34 адамда таажывирус такталган эмес, бирок грипп, ОРВИ тастыкталып, дарыланып өздөрүн жакшы сезип чыгып кетишти”, – деп билдирди бүгүн, 26-мартта Айнура Акматова.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *