Видео – Аксыда кечээги селден кийин бузулган жолдорду оңдоп-түзөө иштери ыкчам башталды

Кечээ, 9-июлда Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагында жүргөн селден улам Мундуз менен Семет айылдарынын ортосундагы таш жолду сел алып кеткен эле. Бүгүн, 10-июлда таң эрте менен, саат 07:00 дөн тартып, айыл өкмөт башчыларынын чакыруусу менен райондук Жол эксплуатациялоо ишканасынын жол сүргүч тракторлору келип, сел алган жолду оңдоп-түзөө иштерин ыкчам башташты. Бул тууралу айылдык кеңештин депутаты Кадырбек Парманов билдирди.

“Жол сүргүч тракторлор бир эле күндө Мундуз-Семет жолун оңдоп-түздөп, жолду ишке салып коюшту”, – дейт Кадырбек Парманов. Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ жүргөн селден бир нече үйдү суу каптап, 2 машинаны агызып кеткен. Азыр селдин кесепетинен элдин тарткан материалдык зыяндары такталып жатат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *