Видео – Акылбек Жапаров: “Биздин Өкмөт коңшу мамлекеттер менен экономикалык мамилелерде “күзгү (зеркальный) принципти” пайдаланганды билишпейт”

“Мамлекеттер аралык экономика мамилелеринде “күзгү (зеркальный) принцип” деген түшүнүк бар. Эгерде бизди тегеректеген мамлекеттер өтө коркунучтуу жүктөрдү ташып жатканда кайсы механизмди колдонсо биз да так ошондой механизмдерди колдонушубуз керек”, – деп билдирди бүгүн, 4-мартта депутат Акылбек Жапаров парламенттин жыйынында КР Финкөзөмөл кызматынын башчысы Арзыбек Кожошевге кайрылып.

“Сиздер, Өкмөт ушул принципти колдонбой, күтүп эле жүөсүңөр качан парламент бир тамганы өзгөртүп берет деп. Силердин укугуңар бар. Өкмөт тууралу конституциялык мыйзамдын негизинде укуктарыңар турат. Казакстанда кандай, айыппулдары кандай, эрежелери кандай? Силер да ошондой эрежелерди Өкмөттүн токтому менен киргизишиңиз керек. Муну “күзгү (зеркальный) принцип” дейт. Алардын мыйзамдары биздин машиналарга карата кандай болсо, алардын машиналарына да ошондой эрежелерди пайдалана беришиңиздер керек. Кытайдыкы кандай? Тажикстандыкы кандай? Ошону колдонбой жатасыңар да. Өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылам, азыр контрабанда жөнүндө көп сөз кылабыз, Өзбекстандын бийлиги мыйзам кабыл алып койгон, эгер Өзбекстандын жараны Кыргызстандан Өзбекстанга өтүп баратып, 1 кг ашыкча тамак-аш алып өтсө 300 доллар айыппул төлөйт. Бир пачка сигарет ашыкча болсо, эки бөлкө нан ашыкча боло турган болсо бир физикалык жакка 300 доллар айыппул киргизилди. Ошондуктан Кыргызстандан Өзбекстанга бир да контрабанда кирбейт. Бир да жылчык кирбейт. Алтургай вирус да кирбейт. Ал эми Өзбекстандан Кыргызстанга машина-машина болуп кирип жатат. Ошондуктан бизди тегеректеп турган мамлекеттер менен “күзгү принципке” өткүлө. Эгер Өзбекстанга биз эч нерсе киргизе албайбызбы, демек, Өзбекстандан да бизге эч нерсе кирбеш керек. Кытайга киргизе албайбызбы, анда Кытайдан да бизге эч нерсе кирбеш керек. Эмне үчүн алар бизге этти киргизет да, биз Кытайга эт киргизе албайбыз? Азыр коронавирусту шылтоо кылып, ушуну жөнгө салып алгыла”, – деди Акылбек Жапаров.

Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңеште милдеттүү камсыздандыруу жүрүмүн кайра ыраатташтырууга багытталган «Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Өкмөт.

Финкөзөмөл кызматынын маалыматынын башчысы Арзыбек Кожошев мыйзам долбоору ташуучулардын жарандык жоопкерчилигин ыраатташтырууга багытталганын билдирди. «Буга чейин камсыздандыруу компаниялары өздөрү бекиткен эрежелер менен иштеп келген. Эми Өкмөт баарына бирдей эрежени бекитүү милдетин өзүнө алууда. Бирдиктүү эреже бекитилген соң, мыйзамга камсыздандыруу компаниялары келишим түзүүдөн баш тарта албагыдай ченем киргизилет», – деди ал.

Ошондон улам, бул мыйзам долбоору аркылуу “Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөр сунушталууда.

Депутаттар кооптуу жүктөр менен жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларга кандай шарттар коюларына, жүргүнчүлөрдү ташыган автомашина авария болсо, андан жабыр тарткан жүргүнчүлөр эмне болоруна кызыгышты.

Финкөзөмөл кызматынын өкүлү алар лицензия менен иштей турганын эске салып, жүрүгүнчүлөрдү ташыгандар камсыздандыруусу болгондо гана Транспорт министрлигинен лицензия аларын, ал эми күйүүчү май ташыгандар ИИМден белгилүү бир каттамдар боюнча атайын урусат алышарын билдирди. Мыйзам долбоору кабыл алынса, камсыздандыруусу жок кооптуу жүк ташуучуларга уруксат берилбейт.

Ал эми Жол коопсуздугу башкармалыгынын өкүлү ташуучуну камсыздандырган компания медициналык экспертизинын негизинде жүргүнчүгө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө тийиш экенин билдирди.

Бир катар депутаттар күйүүчү май сындуу кооптуу жүк ташыган автомашиналар жол кырсыгына көп кабылып, экологияга зыян келтирип жатканын эске салып, алардын жоопкерчилигин да мыйзамга кошо камтуу керек экенин, азыркы учурдагы ар түрдүү камсыздандыруу полистеринин баарын бир бирдиктүү полиске бириктирүү зарылдыгын айтышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1 мамлекеттик, 16 жеке менчик камсыздандыруу компания бар. Алардын ишине Финкөзөмөл кызматы тарабынан көзөмөл кылынат. Эгерде алар эреже бузса, айыппул салынат же лицензиясы кайра чакыртып алынат. Кыргызстандын камсыздандыруу полистери башка өлкөүн аймагында жараксыз болгондуктан колдонулбайт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *