Видео – Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик желек калыбына келтирилди

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик желек калыбына келтирилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

“Жумушту пландагандан эртерээк бүтүрдүк”, – деп билдиришти аты аталган мекемеден.

Эскерте кетсек, бүгүн 2-ноябрда эртең мененки саат 07:45те флагштокту ремонттон өткөрүү үчүн алынган. Маалым болгондой желек кайрадан бүгүн кечинде калыбына келтирилет деп кабарланган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *