Видео – Алманбет Шыкмаматов: “Аида Салянованы бүгүн соттоп, Бишкек СИЗОсуна алып кетет деп жатышат”

“Бүгүн Аида Салянованы соттоп, же УКМКнын абагына же Бишкек СИЗОсуна алып барып камайт деп айтып жатышат. Бишкек СИЗОсуна алып барышса туура эмес болот, анткени ал жакта бир кезде Салянова соттоткон кылмышкерлер да бар болушу мүмкүн”, – деп билдирди бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында атамекенчи депутат Алманбет Шыкмаматов.
“Биздин адвокаттар Аида Салянованын баласы бар экенин, экс-генпрокурор экенин эске алып, үй камагына чыгарууну суранышат. Башкаларды деле чыгарып жатпайбы. Мисалы, ушул иш боюнча кармалган прокурорлор Акматалиевди, Усманованы үй камагына чыгарышты”, – деди Шыкмаматов.


Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *