Видео – Алматыда сойкукананын ээлери кыздарды уурдап, сексуалдык күң кылышкан

Кыздардын бири ал үйдөн качып чыгып, полицияга кайрылып, өзүнүн окуясын журналисттерге айтып берди. Аны белгисиз бирөөлөр уурдап кетишип, сойкулук кылууга мажбурлап, мезгил-мезгили менен катуу сабап келишкен. Болжолдуу сойкукананы полиция кызматкерлери чабуул менен алганга аргасыз болушкан. Үйдөн башка кыздар да табылган.

Качып чыккан кыздын кулагы сындырылып, башы жарылган, денесинин бүт жери көгала. Кыз бир нече эле күн сексуалдык күң болгонун айтат:

“Карабагылачы мени! Мен жумуштан чыгып, үйүмө бараткам. Жаныма машине токтоп, белгисиз немелер колумду толгоп, машинеге салышты да, бир жер үйгө алып келишти. Биринчи чөмүч менен урушту, анан зым менен далыма сабашты. Муштап жатышты, тепкилешти. Мени Камила да, Аида да урду. Сойку болосуң. Макул болбосоң, сени зордуктап, видеону ата-энеңе көрсөтөбүз дешти. Ал жакта күч менен кармалган кыздар көп. Аларды да сабашчу”.

Кыз жана туугандары азыр коркунучта жашап калышыптыр. Атүгүл врачка көрүнгөндөн коркуп коюшкан. Үйдү полицияга кыз өзү барып көрсөтүп берген. Ал үйдүн коңшулары бул жер көптөн бери сойкукана болуп калганын айтып беришкен. Азыр кылмышкерлердин бардыгы камакка алынган. Тергөө амалдары жүрүүдө. Видео:

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *