Видео – Алмаз Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев суракка алынды

Бүгүн, 9-августта укук коргоо органдары Алмаз Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевди да суракка алышкандыгы белгилүү болду.
КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов бүткүл дүйнөлүк желеге тараган видеотасмадагы адам Алмаз Атамбаевдин уулу – Сейитбек Атамбаев экендигин жана ал суракка алынганын тастыктады. Бирок, Сейитбек Атамбаев камакка алынган жок деп кошумчалаган.

Ал эми адвокат Сергей Слесарев журналисттерге Сейитбек Атамбаев чын эле суракка алынып жаткандыгын жана ал азыр ИИМдин тергөө башкармалыгына кирген бойдон чыга электигин тастыктады.

Эсиңиздерге сала кетсек, Сейитбек Атамбаев 1976-жылы туулган, Кыргызстанда “Автомашэнерго” компаниясынын ээси катары мамлекеттен электрэнергияны арзан алып, эки-үч эсе кымбат саткан ортомчу катары белгилүү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *