Видео – Алмаз Бакетаев, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри: “Бишкекте 1 миллион 57 миң адам жашайт”

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев бүгүн, 7-майда өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Бишкек шаарындагы социалдык экономикалык кырдаал боюнча маалымат берди.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 1 миллион 57 миң адам жашайт. Анын ичинен: балдар 305 миң, пенсионерлер 95 миң жана эмгекке жарамдуу калк 627 миң.

Борбор калаада 108 миң 208 чарба жүргүзүүчү субъект катталган. Анын ичинде иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъект 75 миң 363. Ал эми андагы жумушчулардын жалпы саны 238 миң.

Статистикалык маалыматка ылайык, шаар калкынын жумуш менен камсыз болуусу төмөнкүдөй:

– Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 102 миң адам ( 22 пайыз);

– Соода чөйрөсүндө – 97 миң адам (21 пайыз);

– Иштеп чыгуу өнөр жайында – 75 миң адам (16,5 пайыз);

– Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында – 64 миң адам (14 пайыз);

– Курулуш чөйрөсүндө – 33 миң адам (7,4 пайыз).

Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизилгендиктен чакан жана орто бизнестин, курулуштун ошондой эле айрым өнөр жай өндүрүш ишканаларынын иши толук көлөмдө токтотулду. Бүгүнкү күндө 3 миң 836 чарба жүргүзүүчү субъект гана иштеп жатат. Анда иштегендердин саны болжол менен 83 миң 300 адамды түзөт. 71 миң чарба жүргүзүүчү субъект ишин токтоткон. Болжолдуу маалымат боюнча, 155 миң адам убактылуу иштебей калды. Базарлар, соода борборлор, чач тарачтар, тойканалар жана коомдук тамактануу жайлары убактылуу жабылган. Массалык иш-чараларды тойканаларда өткөрүүгө тыюу салынган. Унаа менен жүк ташуулар токтотулду. Мындай абал Бишкек шаарынын аймагында кызмат көрсөтүүнүн көлөмүнө таасирин тийгизип жатат. Натыйжада Бишкек шаарынын экономикалык абалы начарлоого дуушар болууда”, – деди биринчи вице-мэр.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *