Видео – Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер: “Өкмөт гемодиализ кызматын алган оорулуулардын бир топ көйгөйлөрүн чечти”

“Бүгүн Кыргызстанда гемодиализ кызматына 1510 адам муктаж. Алардын ичинен 764 адам Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан кызмат алышат, 604 адам ФОМС аркылуу алышат, жеңилдетилген тарифте 504 сомдон кошумча акы төлөшөт”, – деп билдирди КР Өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча вице-премьери Алтынай Өмүрбекова.
“Эми өкмөттүн токтому чыккандан бери баарына бирдей шарт түзүлөт. Эч кандай кошумча төлөмдөр болбойт. Бардык муктаж адамдар бир тартипте алышат. Кайсы жерде алууну да эми алар өздөрү тандашат. Электрондук тизме болот, онлайн иштеген, муктаж адамга кайсыл регион ыңгайлуу болсо ошол жерден кызматты ала берет. Кошумча төлөмдөр болбойт. Мамлекет тарабынан бюджеттен ар бир оорулууга 4700 сомдон төлөнүп берилет. Бүгүнкү күндө мамлекеттик 5 оорукана гемодиализ кызматын көрсөтөт. Андан тышкары 4 мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк ооруканасында жана 27 жеке менчик клиникасында ушундай эле кызмат алууга болот “, – деди Алтынай Өмүрбекова.


Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *