Видео – Алтынбек Сулайманов: “Атамбаев жөн жаталбай мамлекетти дүрбөлөңгө салып, 3-революция кылганы жатат, чечим чыгарып генпрокуратурага жөнөтөлү”

“Экс-президент Атамбаев жөн жата албай, мамлекетти дүрбөлөңгө салып, 3-революцияны кылганы жатат… Азыр Генпрокуратурага төңкөбөй, Жогорку Кеңеш кабыл алчу чечимди кабыл алалы. Жогорку Кеңеш бул жерде сүйлөп-сүйлөп, экс-президент Атамбаевдин рейтингин көтөргөндөн көрө Атамбаевдин бийликти узурпациялагандыгы боюнча чечимди кабыл алып, генпрокуратурага жөнөтөлү. Тез аранын ичинде Атамбаевдин мурунку жана азыркы ишмердигине юридикалык баа берсин. Жөн эле сүйлөп, жөн эле анын рейтингин көтөрүүнүн кереги жок”, – деп билдирди бүгүн, 12-июнда депутат Алтынбек Сулайманов.


Булак: KyrgyzToday.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *