Видео – Атамбаев үйүнө блок-пост койдуруп, таш түшүрүп, коргонууга олуттуу даярданууда

Кечээ, 25-июнда Алмаз Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн сыртына боз үйлөр тигилип, аны коргоо боюнча штаб түзүлдү. Дарбазасына жана короосуна бетондон блок-посттор орнотулду.
Коргоочулар үчүн “пролетариаттын куралы” болгон таштар машиналап түшүрүлүп, чөптөр менен маскировкаланып жабылып коюлган. Коргоочулар үчүн төшөнчү матрацтар алып келинүүдө.

Экс-президент Атамбаев аны кармап кеткиси келгендерге каршы коргонууга олуттуу даярданып жаткандыгы ачык эле байкалып жатат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *