Видео – Атамбаевдин телеканалы Ысык-Көлдө уран казууга лицензияны 2010-жылы Роза Отунбаева күйөө баласы Арслан Кененбаевдин фирмасына берген деп жарыялады

Кечээ, 26-апрелде экс-президент Алмаз Атамбаевдин жеке менчик “Апрель ТВ” телеканалы Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенинде чалгындап уран казуу лицензиясын “ЮрАзия Кыргызстан” компаниясына 2010-жылы 18-ноябрдан 2020-жылдын 31-декабрына чейин, 10 жылга ошол кездеги өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева учурунда анын күйөө баласы Арсланбек Кененбаевге берилген деп жарыялады.

Арсланбек Кененбаев Роза Отунбаеванын бир тууган сиңдисинин кызы Айжан Чыныбаеванын күйөөсү болот. Калган кызыктуу маалыматтарды видеотасмадан көргүлө.

Ысык-Көлдө уран казууга ким уруксат берген?

Жалпы Кыргызстандыктарды ордунан козгогон Кызыл-Омполдогу уранга лицензияны ким берген? Бардык учурдагы бийлик күнөөнү өзүнөн алыс кармап, башка бирөөгө шылтап салууга аракет көрүүдө.Кызыл-Омпол аянтындагы уран жана башка радиоактивдүү металдардын корун "ЮрАзия" компаниясы аныктаган. Бул компаниянын теги шектүү жана маалыматтар аз. Ошентсе да, Aman Bakirov айрым фактыларды таап чыкты. #АпрельТВ #уранказуу #КызылОмпол #ЫсыкКөл

Опубликовано «Апрель» телеканалы Пятница, 26 апреля 2019 г.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *