Видео – Атамбаевдин жанында бүгүн Кылыч Султан пайда болду

Бүгүн, 2-июлда Алмаз Атамбаев Кой-Таштагы хансарайынын алдына адат болуп калгандай, кечки саат 20.00.дө чыгып, өзүнүн тарапкерлери менен жолугуп, айрымдары менен сүрөткө түштү.

Көптөн бери көрүнбөй калган экс-элчи Кылыч Султан бүгүн Атамбаевдин жанында пайда болду. Социалдык тармактарда Кылыч Султан өзүнүн “Супер kg” басылмасын Раим Матраимовго 2 миллион долларга сатып жибергени байма-бай айтылып жаткан.

Ал эми КСДПчы экс-депутат Мээрбек Мискенбаев бүгүн балдарын ээрчите келип, аларды Атамбаев менен сүрөткө түшүрүп жатканы байкалды.

Баткенден келдик деген эки аял бийлик алардын кайсы бир кайрылуусына көңүл бурбай жатканына даттанышты.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *