Видео – Азимбек Бекназаровдун дагы бир жашыруун жазылган видеосу жарыяланды

Экс-төңкөрүшчү Азимбек Бекназаров Сomment.kg сайтына интервью берип бүткөндөн кийин, коштошордо видеокамера иштеп турганын билбей Раушан Айткуловага агынан жарылып, өз чындыгын айткан. Анда 2010-жылдагы Мегаком ишканасынын тегерегиндеги саясатчылардын талашы, Текебаевдин, Атамбаевдин, Байболовдун, Салянованын жана башкалардын  Мегакомго болгон кызыкчылыктары айтылган.

Бекназаров Камчыбек Ташиевге айткан чындыгын Раушан Айткуловага да кайталаган. “Текебаевдин Маевскийден 1 миллион алганы бул мошенничество! Текебаев менен Салянованы камаш керек болчу. Болгону азыр жыгылып жаткан Текебаевди аяп жатам” деген.

Булак: Сomment.kg 

1 ой-пикир

  • Садыр. Ош шаары says:

    Аракеев деген журналист учурунда ” Акаев бир торпокту жылдызга айлантып алды” деп жазганы бар эле. Өтө таамай айтылган экен.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *