Видео – Азиз Суракматов, Бишкек шаарынын мэри: “Жер берилсе эле, Футбол борборун куруу үчүн 10 миллион доллар грант бөлүнөт” деген документти Футбол федерациясы мэрияга алып келген эмес”

“Жер берилсе эле, Футбол борборун куруу үчүн 10 миллион доллар грант бөлүнөт” деген документти Футбол федерациясы мэрияга алып келген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда мэр Азиз Суракматов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, “31-декабрга чейин жер бөлүп бербесе, 10 миллион долларлык грант күйүп кетет” деген документти алып келип,  көрсөтүүнү Футбол федерациясынан мэрия сураган, бирок, алар алып келишкен эмес. Мэрия бул маселени мыйзам чегинде карашууда. Бирок, коюлган мораторий боюнча, Футбол федерациясы жеке тарап болгондуктан жер берүү мүмкүн эмес жана шаардын башкы планына дагы киргизилген эмес. Ошентсе да, федерацияга ультиматум койбой, сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сунушташкан.

Ушул эле күнү, эртең менен футбол борбору Чүй облусунда курулушу ыктымалдыгын Футбол федерациясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев басма сөз жыйында айтып чыккан. Андан көп өтпөй, аталган федерациянын басма сөз кызматы КРФФ жана Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, футбол борборун куруу үчүн жерди бөлүп берүү келишимине келгенин билдирген.

Эске сала кетсек, кайтарымсыз грант катары 10 млн долларга футбол борборун куруу пландалганын Футбол федерациясы билдирип, мэрия ушул жылдын 31-декабрына чейин жер тилке бөлүп бербесе, грант башка өлкөгө берилип кетээрин алдын ала эскертишкен. Бул маселе боюнча шаардык кеңештин депутаттары бир нече жолу отурумга чогулгандары менен маселесин карап бүтө элек. 27-декабрда карашмак, бирок, каралган эмес. Депутаттар бул маселени келаткан жылдын 14-январына жылдырып коюшкан.

Ошондой эле бүгүн, 30-декабрда Азиз Суракматов Жаңы жыл алдында жана жаңырган жылдагы мэриянын кыла турган алдыдагы иштери тууралуу тиешелүү жетекчилердин отчетун угуп, аягында аларды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады. Аны төмөндөгү видеодон көрсөңүздөр болот:

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *