Видео – Бакирдин Субанбеков: “Мадина” базарындагы ишкерди өлтүрүп кеткендердин кылмышы видеокамералардын жардамы менен ачылды

“Жакында бизнесменди уурдап өлтүргөн кылмыштын бети ачылды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, аны «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулган видеокамералардын жардамы менен ачышыптыр. Демек, бул долбоор жол коопсуздугун эле сактабастан, кылмыштарды ачууга көмөк көрсөтөт экен. Бул тууралуу депутат Бакирдин Субанбеков бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Коопсуз шаар» долбоорунун 2-фазасын ишке ашырууда видеокамераларды жол коопсуздугун сактоого гана ылайыктабастан, жалпы коомчулуктун коопсуздугун да эске алуу менен орнотуу зарыл. Ошондо көптөгөн кылмыштардын бети ачылат деген ойдомун», – деди депутат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *