Видео  – Азиз Батукаевге байланыштуу кылмыш ишине экс-генпрокурор Индира Жолдубаеванын кандай тиешеси бар?

Бүгүн, 14-октябрда, Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин соту жабык эшик артында каралды. Ага журналисттер киргизилген жок.

Сотко Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов жана үй камагындагы (ага Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча 20-августта иш козголуп, анын бөгөт чарасы ушул Биринчи май райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылган – авт.) мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева келди. Бул жолу да экс-президент Алмазбек Атамбаев келген жок. Ошондон улам, сот эртеңкиге, 15-октябрга саат 14:00го жылдырылды.

Эки жолку сот отурумуна момпоюп мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева келип атат. Бирок, ал журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, качууда. “Батукаев абактан бошолтулган учурда Аида Салянова башкы прокурор болчу, анан Индира Жолдубаеванын кандай тийешеси бар?»,-деген суроо коомчулукта бар. Алардын суроосуна биз жооп бере кетели.

Алмазбек Атамбаевдин бийлигинде Индира Жолдубаева башкы прокурор  болгончо (2012-жылдан 2015-жылга чейин) ал президенттик аппаратын сот реформалары жана мыйзамдуулук бөлүмүн үч жыл жетектеген. «Президенттик аппаратта сот органдарынын ишине көзөмөл жүргүзгөн бөлүм башчы болуп турган учурунда кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн бошотуу ишин уюштурууга аралашкан” деген кине коюлганы тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 22-авгусста билдирген. Тагырагы, ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев буларды айткан: “Батукаевди мыйзамсыз бошотуп жиберүү ишинин алкагында ага Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү жана 43-беренесинин 4-бөлүгү менен кылмышка шектелип жатканы боюнча маалымдама тапшырылып, ал суракка чакыртылган. Анан анын бөгөт чарасы сотто каралып, сот аны үй камагында калтырууну тандады. Бул боюнча тиешелүү тергөө иши улантылууда».

Жолдубаеванын бул иш боюнча камакка алынбай, үй камагында калтырылганы ар кандай күмөн ойлорду жаратып келет…

Эске сала кетсек, Батукаевдин иши боюнча алгачкы сот 11-октябрда Биринчи май райондук сотто болмок, Атамбаев сот отурума келүүдөн баш тартып койгонуна байланыштуу 14-октябрга жылып калган. 11-октябрда сотко мурдагы башкы прокурорлор  Аида Салянова менен Индира Жолдубаева келишкен. Жолдубаева журналисттердин суроолоруна жооп бербей качкан. Ал эми Салянова бул иш боюнча тергөөгө буга чейин айтып келген эле маалыматтарды айтып бергенин айткан.

Эскерте кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *