Видео – Бекбосун Бөрүбашов, саясат талдоочу: “2010-жылы бийликке келишип, “парламенттик система курдук” дегендер калп айтып жатышат”

-8-июнда экс-президент Алмаз Атамбаев өткөргөн коррупцияга каршы митинг, анда анын сүйлөгөн сөзүнө сиз кандай баа бересиз?
-Биринчиден, Алмаз Атамбаев экс-президент, кыргыз жараны катары митингде өз пикирин айтканга укугу бар. Экинчиден, кыргыздын саясатында, айрыкча жогорку бийликте жүргөндөр бийлик үчүн катуу күрөшөт. Кечээги митинг деле ошол бийлик үчүн болгон күрөш, ички нааразычылык сыяктуу көрүнүш. Атамбаев өз сөзүндө “кийинки митингге эми Сооронбай кетсин! деп чыгабыз” деп белгилеп кетти. Бул да биздин саясатчылардын бир оорусу. Анткени биз акыркы 28 жылдан бери эки президентибизди качырдык, бир президентибиз ушундай сөздөр менен сүйлөп чыгууда, төртүнчү президентибиз иштеп жатат. Бирок күнөөнүн баары бир кишиде эмес, Акаев менен Бакиев күнөөлүү дедик эле, алар качып кеткенден кийин биз оңолдукпу? Атамбаев түшүп калды оңолдукпу? Cооронбай деле 4 жылдан кийин кетет, ошондон кийин коом оңолобу? Атамбаевдин митингде ушинтип сүйлөгөнү туура болду, анткени бул киши өзүнүн катасын мойнуна алып жатат, бул коом үчүн керек. Мындан 1,5 жыл мурун Атамбаев эл менен эсептешбей өзүнүн досун президент кылам деп чуркап жүргөн. Бул жеке адамдын жеке трагедиясы – жеке ич күйдүсү. Бул сөзү менен ал биздин коомдо шайлоо системасы кандай болуп жатканын, саясый элита кандай түзүлөрүн, бийликти ким түзөрүнүн бетин ачып койду. Биз ушундан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Кыргызстанда чечилбеген көйгөйлөр көп, экономикада, социалдык багытта, руханий маселелер, саясатта 28 жылдан бери чечилбеген проблемалар көбөйүп кетти. Биз жакшылап ойлонуп, аны чечүүнүн жолдорун сунуш кылышыбыз керек.
-Сиз президенттер күнөөлүү эмес, “биз сунуш киргизишибиз керек” деп жатасыз, “биз” деген алар ким? Анда биз эмне үчүн лидерди шайладык? Бизге жол көрсөткөн лидер болуш керекпи же биз президенттерге сунуш, багыт берип турушубуз керекпи?
-Лидер деген жакшы сөз, расмий лидер деген болот, расмий эмес лидерлер болот. Азыркы презибентибиз – бул улуттун атасы. Бирок лидер болуп жатабы? Убагында Акаев лидер болду беле, улуттун атасы болду беле? Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдер болду беле? Ушулардын бирөөсү дагы улуттук кызыкчылыкты жогору коюп, улуттук лидер боло алган жок. Кептин баары мына ошондо. Эмне үчүн булар лидер боло албай жатат? Анткени бизде таза шайлоо, таза тандоо жок. Кыргызстанда шайлоого жакын калганда биз билебиз, кимиси президент, кимиси депутат болот. Дүйнөлүк практикада шайлоо эки бөлүктөн турат: биринчиси, тандоодон, анда альтернатива, бир нече көз караш, бир нече талапкер болуш керек. Экинчиси, шайлоодон турат. Кыргызстанда ушул экөөсү тең, тандоо да, шайлоо да жок. Биздин президенттер улуттук лидер боло албай жаткандыгы ушундан. Анткени буларды Ак үйдө олтуруп алып эле эчак эле тандап коюшат, “тигил бизге кийинки президент болот, түкүнчүлөр бизге депутат болот, баланча партиялар өтөт” деп. Улуттук лидерлердин чыкпай жаткандыгы мына ушундан. Буга алар өзү эмес, шайлоо системасы күнөөлүү…
-Алар күнөөлүү болбосо, шайлоо системасын кимдер түзөт? Шайлоо системасын ошол лидерлер түзүп жатпайбы…
-Абдан туура айтасыз, биз эми ошого келдик, шайлоо системасы, шайлоо мыйзамы бул шайлоо өткөрүүнүн эрежеси. Мына ошол эрежелерди булар кабыл алып жатышат. Бирок Кыргызстанда шайлоо мыйзамы туура эмес түзүлүп калган. Жалпы коомчулуктун талабына жооп бербей турган мыйзам. Бул адамдардын бир тобунун, колунда барлардын же олигархтардын, саясый партиялардын жетекчилеринин кызыкчылыгына ылайыктап түзүлүп калган мыйзам. Мына ушундай мыйзамды булар өздөрү түзүп, өздөрү кабыл алып, анан өздөрү пайдаланып жатышат. Бизде чыныгы демократиянын орнобой жатканынын себеби мына ушунда…
– Демек, ошол шайлоо системасын туура түзүү менен ошол лидерлер элге жол көрсөтүш керек да…
-Туптуура айтасыз, ошол лидерлер элге жол көрсөтсө туура болмок. Бирок ал лидерлердин баары биринчи орунга өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын коюп келатат. “Бул мыйзам менин кызыкчылыгыма туура келет, бул мыйзам боюнча мен каалаган адамымды шайлай алам” деп. Бизде азыр “чөнтөк парламент” деп жатышпайбы, Атамбаев андан да орой сөз менен айтты… “Чөнтөк парламент” кайдан чыгып калды, мына ошо шайлоо системасынан чыкты. Акчасы барлар гана келип жатышат, капиталисттик системада алгачкы капитал таза эмес болот. Бизде мындан 30 жыл мурун приватташтыруу болгон, коррупция мына ошол жактан чыккан. Ошол кездеги мамлекеттик байлыкты бир ууч адамдар бөлүп алышкан… Саясат таануу илиминде мамлекеттик жетекчилерди экиге бөлөт: мамлекетчил, өлкө үчүн канын-жанын бергендер, ал эми бизде президенттер бир эле кландын же үй-бүлөнүн кызыкчылыгын коргоп калып жатышат… Сиз жана туура айтып кеттиңиз, биздин улуттук кызыкчылыкты коргогон, улуттук лидер болгон Президент чыга элек Кыргызстанда.
-Президент тууралу сөз болуп калды, татыксыз кишилер да президент болуп калышы мүмкүнбү?
-Мүмкүн… Татыксыз адамдар кайдан келет? Коомдо тандоо болбой калганда, коомдук пикир экинчи орунга кетип, биринчи орунга акча чыгып калганда татыксыз адамдар келип калат…
– 2010-жылы революция жасап бийликке келгендер, Конституцияны өздөрү каалагандай жазып, парламенттик системаны орноттук деп жатышат, бирок парламент бүгүнкү күнгө чейин өз үнү жок, бул кандайча болуп калды?
-2010-жылы бийликке келишип, парламенттик системаны орноттук дешкендер калп айтып жатышат. Анткени мен ушул парламенттик система боюнча адисмин. Бизде эч кандай парламенттик система жок. Кыргызстанда биз түзгөндөй башкаруу системасы дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жок. Бизде чалагайым система. Бийликтин негизги милдети – бул мамлекеттин ички-тышкы саясатын аныктоо болуп саналат. Бизде да ушундай жогорку бийлик органы болуш керек. Биздин башкы мыйзамда мына ушул орган жок…

Атамбаев 8-июндагы митингинде “Батукаевди бошотуу боюнча мен акча алган эмесмин, акчаны Сооронбай алган болушу керек” деп айтты, экс-президенттин деңгээлинде ушундай сөз айтылышы туурабы?

– Бирөөдү акча алды деп айтардан мурун аны далилдеш керек да. Бизде саясый маданияттулук деген жок. Биздин саясатчылар саясый күрөшкө чыкканда оппоненттеринин саясатына эмес, жеке өздөрүнө, анын турпатына, кебетесине асылышат… Саясый атаандаштык керек, анын предмети – өзүнүн оппонентинин саясый көз карашы болуш керек. Эгер Атамбаев кечээги митингинде азыркы президенттин жеке өзүнө асылбай, тигинден акча алыптыр дебей, ал реформа жүргүзбөй жатат деп сындаса, ошого баа берсе жакшы болмок. Бирок Атамбаев андай баа бере алган жок… Ал пастык жасады.

-Атамбаев 2011-жылы президент болуп шайланары менен коомчулук мыйзамсыз деп айтканына карабай УКМКнын алдында Анткоррупциялык кызмат түзүп, аны каалаганындай пайдаланды. Эми кечээ, 8-июнда “Антикоррупциялык кызматты УКМКадан чыгарып кетиш керек, ал туура эмес түзүлүптүр” деп жатат. Сиз буга кандай баа бересиз?

-Биздин кыргыздын чиновниктери бийликке келгенде көзүн май басат, өзүн түшпөс хан сезип калат. Меники эле туура деп эч кимди укпай калат. Анткени бизде саясый жоопкерчилик деген жок. Коом менен бийликтин ортосунда дисбаланс түзүлүп калды. Бийликтин укугу көп, элдин милдети, жоопкерчилиги көп…

-Мындан ары мамлекетибиз кандай багытта кетет?

-Cаясый абал оорлошот. Анткени реформалар жасалбай жатат. Таза шайлоо системасы жок. Азыр шайлоо эмес эле соода болуп калды. Биздин баш мыйзамда шайлоонун 5 принцибинин үчөөсү бузулуп жазылган. Принциптери бузулуп жатат. Ошондуктан эл шайлоодон четтеп калды…

Кайсы принциптери, атай кетсеңиз?

-Мисалы “түз шайлоо” принциби. Шайлоочулар депутаттарын түз шайлашы керек. Эшматты же Ташматты. Ар кимиси өзүнө жакканын. Бизде андай түз шайлоо жок болуп жатат. Бизде ортомчу бар – партиянын башчысы. Партиянын башчысы олтурат да тизме түзөт. Ким кандай капчык менен келсе ошого жараша орун бөлүштүрүп жатат. Бул деген болбойт да…

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *