Видео – Бектур Асанов “Биримдик” жана “Кыргызстан” партияларын катуу сындады

Коомдук ишмер Бектур Асанов бийлик тарабынан түзүлдү делген “Биримдик” жана “Кыргызстан” партияларын катуу сынга алды.

Ал  Азимбек Бекназаровдун  “Мен – кыргызмын” аттуу китебинин бет ачарына катышып, төмөндөгүдөй сөз сүйлөгөн.

“Биримдик” деген партия түзүлдү. 15-20 киши кирет деп айтылып жатат. Ошолордун жарымы эле кире турган болсо, бул Кыргызстан үчүн трагедия алып келүүчү партия болот. Эгерде ошол партияга президент ставка кылса, анда “президенттин абалы Бакиевдин дагы, Атамбаевдин дагы акыбалын начар болот” деп бүгүн эле айтып койсок болот. Анан “Кыргызстан” деген бир партия бар. Анда ууру-кески, кошоматчылар топтолгон. Ушул эки партияга президент ставка кылса, анда президенттин келечеги болбой калат” – деп айткан Бектур Асанов.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *