Видео – Бир сүйүүнүн тарыхы: Адилет Айтикеев акын Камбаралы Бобуловдун жаш жубайы өз досу менен кетип калганда жазган арман ырын Америкада жаңыртты

Бүгүн, 30-мартта АКШда жашаган жаш талант Адилет Айтикеев колуна домбра алып, унутулуп бараткан бир сүйүүнүн тарыхын кайра козгоду. Анан артынан ал сүйүүгө арналган ырды (сөзү Камбаралы Бобулов, обону Чубак Сатаевдики) домбрага салып ырдап берди.

Бир сүйүүнүн тарыхы: 1960-жылдары өтө таланттуу адабиятчы, сынчы, акын, жазуучу Камбаралы Бобулов кыргыздын эң сулуу кыздарынын бирине, жаш сулууга – сүйгөнүнө үйлөнүп, балалуу болуп бактылуу жашап жатканда, 1962-жылы кыргыздын бийлиги – Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитети аны Москвага КПСС БКнын алдындагы коомдук илимдер академиясына окууга жөнөтүп калат. Ал жаш сулуу келинчегин жана баласын Фрунзеге таштабай Москвага кошо ала кетет. Жакшы окугандыгы үчүн Камбаралы Бобуловду 1965-жылы ошол эле академияга аспирантурага которушат.

Камбаралы Бобулов Москвадан дагы бир кыргыз менен достошуп, анын квартирасы жок экенин билип, аны убактылуу өзүнүн квартирасында жашап турууга чакырат.

Жанында сүйгөн келинчеги, баласы, анан жанындай жакшы көргөн досу болуп чоогу чаран жыргап-куунап жашап калышат. Бирок досу досунун аялын жакшы көрүп калып, тымызын үч бурчтук сүйүү башталат. Акыры анысы ачыкка чыгып, аялы менен досу баш кошуп, кетип калышып, өзү жалгыз калганда жазган, арманга, кусага, сүйүүгө толгон ырын кийин Чубак Сатаев обонго салат.

Мына ошол ыр бүгүн Америкада Адилет Айтикеевдин аткаруусунда жаңырды:

Көздөрүң турат көзүмдө,
Көңүлүң барбы өзүмдө?
Көп жүрүп сендей кызды көрбөдүм мен,
Кыдырып дүйнө жүзүндө.

Көздөрүң сонун, капкара,
Көргөндө толкуйм апкаара.
Толкундап кетем, кара көз,
Эмнеге, кеттиңби жүрөк аңтара?
Жүрөгүм толкуйт апкаара.

Пейилиң сонун алпейим,
Өзүңдү сүйүп, жан деймин.
Жылмайып койсоң, кара көз, сен мага,
Жүрөгүм толкуйт, кантейин?

Күлбөсөң күйөр асманым,
Күйүттө анда калганым.
Теңсинбей койдуң, кара көз,
Эмнеге, мен сага, тагдырга барбы жазганым?

Өзүн таштап кеткен жубайы тууралу ушундай сүйүүгө толгон саптарды жазууга алп акындын гана жүрөгү даайт го…

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *