Видео – Бишкек мэриясы шаарга таажывирус боюнча маалымат таратуучу электрондук маалымат тактайларын орнотуп баштады 

Бишкек мэриясы шаарга электрондук маалымат тактайларын орнотууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Орнотулуп жаткан электрондук тактайларда башкы санитардык дарыгердин, шаардык штабдын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын телефон номуру жазылган. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды сак болууга, тазалыкты сактоого, көчөгө чыкпоого чакырат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *