Видео – Бишкекте жаш жигит гүл саткан дүкөндөн роза гүлдестесин уурдап кеткен

Бишкекте жаш жигит гүл саткан дүкөндөн роза гүлдестесин алып, качып кетти. Бул тууралуу гүл саткан дүкөндүн ээси Азамат Аматов журналисттерге билдирди.

Гүл саткан дүкөндө орнотулган камерага бет кап тагынган белгисиз адам флорист менен сүйлөшкөндөн кийин, столдон чоң роза гүлүн алып, сыртка качып кеткени тартып калган. Жигитти кармоого мүмкүн болгон эмес, анткени аны такси дүкөндүн кире беришинде күтүп турган. Кызматкерлери унаанын мамлекеттик номерин карап кагууга үлгүрбөй калышкан.

Дүкөндүн ээсинин айтымында, алар белгисиз жигит гүлдүн акчасын кайтарып берет деп күтүшкөн. Бирок, андан бери бир убакыт өттү.

“Ушул видеону жарыялоо менен жигитке акыркы мүмкүнчүлүктү берүүнү чечтик” – дейт дүкөндүн ээси.

Дүкөндүн өкүлдөрү гүлдү уурдап кеткен жигитке акыркы эскертүү менен кайрылып, 3 күндүн ичинде келип гүлдестенин акчасын төлөбөсө, анда алар укук коргоо органдарына кайрыларын айтышты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *