Видео – Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден тонналаган таштанды чыкты

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери тонналаган таштанды чыгаргандыгын айкындаган видео социалдык тармактарда тарады.

Маалыматка ылайык, 3-кабатта жашаган 80 жаштагы экинчи топтогу майып кемпир 3 бөлмөлүү батирине таштандыларды алып келип жыйнаган.  Ал батиринин эшигин көпкө чейин ачкан эмес.

Окуя болгон жерге аймактык милиция кызматкерлери менен “Тазалык” ишканасынын өкүлдөрү келип, батирдин кире беришинен эле эки машина таштанды чыгарышкан. Ишкананын кызматкерлери  дагы 8 машина таштанды чыгарын айтышат. Милиция бул иш боюнча жеринде акт түзгөн.

"Вечерний Бишкек" представляет:"Тазалыковцы "откопали" бишкекчанку из-под гор мусора в ее квартире"Оставьте свое мнение в комментарии!Максимальный репост!!!

Posted by Искен Афиджанов on Tuesday, November 20, 2018

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *