Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Видео — Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштурууга айыпталып жаткандар сотко алынып келинди
Криминалдык хроника жана окуялар

Видео – Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштурууга айыпталып жаткандар сотко алынып келинди

Бүгүн, 12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-октябрда болгон башаламандык боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чарасын карап жатат.

Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановду УКМКнын тергөө абагынан, жаш саясатчы Темирлан Султанбековду, мамлекет башчынын мурдагы аппаратынын башчысы Фарид Ниязовду жана УКМКнын Тогузунчу кызматынын экс-кызматкери Канат Сагымбаевди борбордун Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан сотко алып келишти.

Соттун имаратында кармалгандарды колдоо митинги өтүп жатат. Митингчилер камакка алынгандардын бардыгын бошотууну талап кылышууда.

Январь айында эле 11 адам өрттөн каза тапты

Якутскидеги токойдон кыргыз жана тажик мигранттарынын сөөктөрү көмүлгөн уруксатсыз көрүстөн табылды

Якутияда зордуктоо үчүн айыпталган кыргызстандыктар соттолду