Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Видео — Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштурууга айыпталып жаткандар сотко алынып келинди
Криминалдык хроника жана окуялар

Видео – Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштурууга айыпталып жаткандар сотко алынып келинди

Бүгүн, 12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-октябрда болгон башаламандык боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чарасын карап жатат.

Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановду УКМКнын тергөө абагынан, жаш саясатчы Темирлан Султанбековду, мамлекет башчынын мурдагы аппаратынын башчысы Фарид Ниязовду жана УКМКнын Тогузунчу кызматынын экс-кызматкери Канат Сагымбаевди борбордун Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан сотко алып келишти.

Соттун имаратында кармалгандарды колдоо митинги өтүп жатат. Митингчилер камакка алынгандардын бардыгын бошотууну талап кылышууда.

Прокурордун өлүмү. Маркум менен аңчылыкка чыккан прокуратура кызматкерлери кызматтан четтетилди

Улуу Британияда 136 эркекти зордуктаган маньяк өмүр бою кесилди

“Раиммиллион” соттон утат, бирок кызматка келбейт