Видео – Бишкектеги ооруканадан кайрылуу жасаган 37 жаштагы милиция кызматкери пневмониядан улам каза болгону айтылууда

Бишкек шаарынын Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын Криминалдык полиция кызматынын улук лейтенанты Бердибай Элакунов каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

Милициянын алдын-ала маалыматы боюнча, ал пневмониядан улам көз жумган.

Жакында эле Бердибай Элакунов оорукананын керебетинен баардыгын этият болууга, гигиенаны сактоого жана бет кап кийүүгө үндөгөн видео тараткан.

“Абайлагыла! Бул көрсө, өтө коркунучтуу оору экен. Ошондуктан абайлагыла. Бет кап кийгиле. Улуттук госпиталда адам толуп кетиптир. Канчасын албай жатат. Тез жардам кызматы адамдарды кайра-кайра алып келип жатат” – деп айткан.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери каза болду. Өлүмүнүн себеби пневмония экени айтылууда

Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты Бердибай Элакунов каза болду. Ал буга чейин видео тартып, коронавирус илдети коркунучтуу экенин айткан.Маалыматты тактоо үчүн Бишкек ШИИББине кайрылганыбызда, кызматкердин каза болгонун ырасташты."Анын коронавирустан каза болгону же өлүмүнүн себеби башка экени боюнча азырынча расмий маалымат жок. Биз дагы дарыгерлердин жыйынтыгын күтүп жатабыз", – деди мекеменин маалымат катчысы.Ал эми Ленин РИИБинин маалымат кызматынан "алдын ала маалыматка ылайык, кесиптешибиз пневмониядан каза болду", – дешти.

Опубликовано KyrgyzToday/Кыргызстан сегодня/Кыргызстан бүгүн Понедельник, 29 июня 2020 г.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *