Видео – Бугулар 19-кылымдагы Балбайдын өчүн алышып, Токмоктон барган сарыбагыштын кулагын кесиштиби?

Социалдык тармактарда “Балбайдын өчүн алыптыр” аттуу тасма тарап жатат. Анын алдындагы текстте төмөнкү мазмундагы түшүндүрмө жазылган:

Бул эргул ичип алып мушташып экөөнү сабаптыр. Таяк жегендер качып кетип, дагы досторун чакырып жабылып:

Сен эмне мынча дерзкийсиң? – десе.

– Мен Балбайдын кулагы кескен тукумдан болом дейт.

-Андай болсо, сенин кулагынды мен кесем, – деп бирөөсу бычак менен мунун эки кулагына бакан эн коюптур (V тамга). “Тез жардам” кулактарын тигип, милисага тапшырышыптыр. (Балбай баатыр – 1813 – 1867).” (тексттин аягы).

Чын эле тасмада ооруканадан кийин милицияда олтурган эки кулагы кесик жаран милиционерлердин суроолоруна жооп берип жатып, Балбайдын кесилген кулагы тууралу оозанат.

-Эй, эмне кулакка белги койдубу кесип? – деп сурайт милиционер.

-Балбайга койгон белгини мага деле коюп койду, – деп жооп берет эки кулагы кесик жаран.

Эскерте кетсек, бугу уурусунун манабы Балбай баатыр 1813-жылы Ысык-Көл өрөөнүндө туулган. Бугу уруусунун белек уругундагы токой бутагынан чыккан беделдүү манап. Эл арасында айтылган маалыматтар боюнча Балбай эр жеткенден заманына ылайык, казактардын улуу жүзүнүн жана коңшу кыргыз урууларынын жылкыларын тийип алууда жеке билек күчүнүн аркасы менен өзгөчөлөнүп, баатыр аталган. Сарыбагыш уурусунан чыккан Ормон хандын заманында, анын уруулар арасында мал уурдоого, жылкы тийүүгө тыюу салган мыйзамдарын бузуп, саяк уруусунан жылкы тийип алгандыгы үчүн, Ормон хан тарабынан алты ай орго салынып жазаланат. (Википедия)

Ормон хан өз ара уруу чабыштарда аны колго түшүрүп, 6 ай бою колу-бутун кишендеп, 40 кез орго салдырып коёт. Туткунда жатканда кулагын кестирип, далысына көк таш тыктырып кыйнаган кыйноолору, көргөзгөн ыза-кордуктары ичине кеткис кек болуп түйүлгөн. Боронбай баш болгон билермандар аны 40 күлүк ат тартуулап бошотуп алышат. 1854-жылы Ормон хан өзү баш болуп, 300 дөй кишиси менен бугу уруусунан кун доолап келген ою ишке ашпай кандуу кагылышууда Балбайдын колунан каза болот.

Бугунун манабы Балбай баатыр 1867-жылы Кытайдан кармалып, Верный шаарында орустардын түрмөсүндө каза табат. Эл жерине жетпестен арманда кеткен баатырдын сөөгүн киндик каны тамган жерине жеткирүү мүмкүн болбогондуктан, этин шылып, сөөгүн серкенин чаначына салып келишип, Көл башына азыркы күмбөзү турган жерине коюшкан. (Улуттук китепкананын маалыматы).

Бүгүн, 31-майда таратылган Ысык-Көл облусттук милициянын маалыматына караганда, ушул жылдын 2-майында Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө райондук оорукана тарабынан Ак-Суу районунун Зындан айылынын 36 жаштагы тургуну А.А. дене жаракаты менен түшкөнү кабарланган. Аталган билдирүү боюнча ыкчам-тергөө тобу чыгып, жабырлануучудан окуянын чоо-жайын сурашкан. А.А.нын айтымында, Токмок шаарындагы тууганынын үйүнөн өзүнүн айылы Зынданга бара жаткан. Жолдон спирттик ичимдик ичип, жолдо кетип бараткан унаалардын бирине түшүп, Түп айылынын Кудургу айылына чейин жеткен. Ал жерден мас абалдагы жаш балдарды көргөн. Аларга кошулуп, спирттик ичимдик ичип жатканда балдардын арасындагы К. аттуу бала менен мушташып кеткен. Анын кесепетинен аталган жаш бала А.А.нын эки кулагын тең бычак менен кесип салган.

Аталган факт Түп РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 139-беренеси (ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) менен катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелген адам аныкталып, ал Кудургу айылынын 29 жаштагы тургуну К.у.К. болгон. Шектүү милицияда күнөөсүн мойнуна алган. Анын айтымында, аталган күнү түн ичинде айылдаштары — Г.у.Б. жана А.Б. менен киши көп өткөн аймакта спирттик ичимдик ичип отурушкан. Ошол маалда белгисиз адам келип, ага арак куюп бер деп айткан. К.у.К. ага арак куюп, сүйлөшүп башташкан. А.А. Токмок шаарынан келе жатканын, Зындан айылына жете албай жатканын айткан. Ошондо Г.у.Б. ага «үйүмдө түнөп, эртең менен жолго чыгыңыз» деп сунуш берген. Спирттик ичимдик ичүүнүн улантып, мас болуп калган белгисиз адам эч нерсе айтпастан Г.у.Б.ны бетке уруп жиберген. Андан кийин уят сөздөрдү сүйлөнгөн. К.у.К. жинденип, ашканада колдонуучу өзүнүн бычагы менен А.А.нын эки кулагын тең досун урганы үчүн кесип салган.

22-майда чыккан соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ден соолукка жеңил жаракат келген деп көрсөтүлгөн. Анын корутундусу эске алынып, Жазык кодексинин 139-беренеси Жоруктар жөнүндө кодексинин 66-беренесине (ден соолукка жеңил зыян келтирүү) квалификацияланган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө жабырлануучу А.А. Түп РИИБге тосмо арыз менен кайрылган. 28-майда Түп РИИБдин алгачкы тергөөчүсү Кылмыш-процессуалдык кодексинин 26-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүш ишин токтоткон.
Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *