Видео – Бусурманкул Абдибаит уулу эрежесиз эр уруш боюнча М-1 Challenge турниринде украиналык мушкерди женип, Бишкекке кайтып келди

Бүгүн, 31-августтун кечинде Бишкектин “Манас” эл аралык аэропортуна Бусурманкул Абдибаит уулу эрежесиз эр уруш боюнча М-1 Challenge турниринде украиналык мушкер Андрей Лежневди женип , мекенине кайтып келди.
Аэропорттон Бусурманкулду жакын туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алды.
Мушкер биздин кабарчы Айтбек Орозбековго аэропорттон чакан маек курду.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 30-августта Россиянын Оренбург шаарында эрежесиз эр уруш (ММА) боюнча М-1 Challenge 104 турнири болуп өтүп, ага Кыргызстан, АКШ, Россия, Азербайжан, Бразилия, Грузия, Казахстан, Украина жана Франциянын мыкты мушкерлери катышышкан.
Бусурманкул Абдибаит уулу менен Андрей Лежнев 65,8 килограммга чейинки салмакта мушташышкан. Бусурманкул бул эл аралык М-1 турниринде ушуну менен 5-жолу күч сынашты. Бул жеңиши менен ал эми М-1 чемпионунун куру үчүн ат салышууга талапкер укугун алды.
Бул Бусурманкул Абдибаит уулунун М-1 турнирлериндеги катары менен 4-жеңиши. Жалпысынан ал ММАнын профессионалдык таймаштарына 15 жолу катышып, 12 жолу утуп чыкты.


Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *