Видео – Чаткалда ишкерден 100 миң сом талап кылган тендердик комиссиянын төрагасы кармалды

Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл окуругунда 100 миң сом талап кылган тендердик комиссиянын төрагасы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, бизнес өкүлү А.Ч. (аял киши) арыз менен кайрылып, Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл округундагы кызмат адамдары акча талап кылгандыгын айткан. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, КРнын жазык кодексинин 326-беренесинин (акча талап кылуу) алкагында аталган факт боюнча тергөө иштери башталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө, А.Ч. тиричилик буюмдарды айыл округундагы бала-бакчаларга жеткирүү боюнча тендерди утуп алгандан кийин Каныш-Кыя айыл округунун кызмат адамдары кызматтык абалынан пайдаланып, 2019-жылдын 21-октябрда ишкер айымдан акча талап кыла башташкан. Алар тендердин жалпы суммасынын 10% талап кылышкан. Ал эми тендердин жалпы суммасы – 1 000 032 сом. Ишкер айымдан шантаж аркылуу 100 миң сом опузалаган.

Сотко чейинки тергөө иштеринин алкагында, арыздын ээси 70 миң сомду эки банк аркылуу тендердик комиссиянын төрагасы Н.Б. жеке счетуна жиберген.

9-январь күнү КРнын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде тендердик комиссиянын төрагасы кармалган.

Азыркы учурда сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *