Видео – “Чоң казаттын” жаштар канаты 27-июнда жана 1-июлда болот деп жаткан митингдерге тиешеси жок экенин билдирди

24-июндан 25-июнга караган түнү “Чоң казат” кыймылынын жаштар канаты белгисиз адамдар “Чоң казаттын” атынан социалдык тармактар аркылуу таратып жаткан 27-июнда жана 1-июлга болот деген митинг тууралу маалыматка тиешеси жок экенин билдиришти.

“Биз митингдерге жана революцияларга каршыбыз. 2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги революциялардан кийин Бишкек шаары таланып-толонуп талкаланган. Ошондуктан биз тынчтык жол менен гана өнүгүүнү колдойбуз. Биздин атыбыздан белгисиз бирөөлөр элди митингге чакырып жатышат. Андай чагымчыларга ишенбегиле”, – деп билдиришти жаш “Чоң казатчылар”.

Буга чейин “Чоң казаттын” лидерлери да ушундай мазмундагы билдирүү менен чыгышкан:

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *