Видео – Чүйдүн түштүк тарабынан келе жаткандарды Бишкектин кире беришинен текшерип өткөрүүдө

Бүгүн, 23-мартта Чүй облусунун Сокулук районунда тосмо бекет коюлуп, түштүк тараптан Бишкекке бара жаткан ар бир унааны, анын ичиндеги ар бир адамды текшерип жатат. Бул тууралуу окурманыбыз билдирип, жеринен видеотасма жиберген.

Алардын айтымы боюнча, Военно-Антоновка айылындагы ЖКККБнын постунда санитардык-карантиндик постунун эки кызматкери унаалардагы ар бир адамдын дене табын текшерип жатат.

Гавриловка айылынан баштап Военно-Антоновка айылындагы ЖКККБнын постуна чейин тыгын болуп, унаалар 4 катар болуп жыйналып калды.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *