Видео – Дастан Догоев кагазды карабай ант берем деп жаңылып калды

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү ант беришти. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалган Догоев Дастан Давлетович кагазды карабай ант берип жатып сөзүнөн жаңылып калды. Сыягы, ал башкалардан айырмаланып кагазды карабай оозеки айтууга аракет кылган. Дастан Догоев парламентте отургандардан кечирим сурап, ал кайра кагазды карап башынан окуп ант берди.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *