Видео – Депутат Бакыт Төрөбаев парламенттин спикери Дастан Жумабековду мыйзам бузууга айыптады

Бүгүн депутат Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитетинин жыйынында КР Жогорку Кеңешинин спикерин депутаттардын укугун бузуп жатат деп айыптады.
“22-февралда депутаттар (Бакиров М., Төрөбаев Б., Матраимов И., Алтынбеков А., Назаров А., Эргешов А., Алимбеков Н., Ормонов У., Жамалдинов З., Жунус уулу Алтынбек, Асылбаева Г., Султанов А., Узакбаев А., Шайназаров Т., Юсуров А., Гаипкулов И., Токтошев Э. ) менен биргеликте иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзам долбоору баардык тиешелүү процедуралардан өтүп, төраганын кол коюуусуна жөнөтүлгөнү менен азыркы учурга чейин жооптуу комитетке жиберилбей жатат. Мыйзам долбоору кечигип, төрага тарабынан демилгечилердин укугу бузулуп жатат, ошондуктан тармактык комитеттин жетекчиси Канат Керезбековду бул маселе боюнча чара көрүүгө чакырам”, – деди Бакыт Төрөбаев.
“Мыйзам боюнча депутаттар иштеп чыккан мыйзам долбоорун парламенттин юридикалык бөлүмү 3 күндүн ичинде текшерип чыгып, спикерге жөнөтүш керек, спикер эки күндүн ичинде тармактык комитетке жөнөтүш керек эле. Бирок 22-февралдан бери канча убакыт өтсө да ал мыйзам долбоору спикерден чыкпай жатат. Спикер депутаттардын мыйзамдуу укугун бузуп жатат”, – деди Бакыт Төрөбаев.


Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *