Видео – Депутат Пархат Тулендибаев Лебединовка айылына 40 орундуу стационар ачып, бардык чыгымдарын өз мойнуна алды

Кечээ, 9-июлда депутат Пархат Тулендибаев Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын №1 гимназия мектебине 40 орундуу стационар ачты.

“Бизде бардыгы даяр. Республикалык менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар биздин стационарга 2 дарыгер, 2 санитардык кызматкерди бөлүп берди. Муну менен бирге мен дагы 2 дарыгерди жумушка тарттым, алар дагы жардам бришет. Аларга айлык маянасын өзүбүз төлөйбүз” – деп билдирди депутат.

“Ушундай кыйын кырдаалда ар ким өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам бериши керек деп ойлойм. Туугандарымдын, үй-бүлөмдүн жардамы менен стационар ачып жатабыз. Бардык чыгымдарын өз мойнубузга алабыз. Дары-дармек сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болгон бейтаптарга дарысын сатып беребиз. Мындан тышкары 3 кычкылтек консентраторун алып бердик” – деп кошумчалады.

Мындан сырткары депутат Аламүдүн районунун айылдарына күндүзгү стационарлар үчүн бөлүнгөн имараттарга барып, колунан келген жардамын берди. Ленин айыл өкмөтүнө 20 керебет, 1 кычкылтек консентраторун, Васильевка айыл өкмөтүнө 10 керебет берип, эми Октябрь айыл өкмөтүнө 10 керебет жана 1 кычкылтек консентраторун жакында жеткирип берет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *