Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Видео — Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев абактан бошотулду
Видео Саясат

Видео – Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев абактан бошотулду

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев абактан бошотулду. Видеотасма социалдык тармактарда пайда болду.

Мурунку премьер энергетиктер боюнча Молдовановка айылындагы колонияда жазасын өтөп жаткан. Ал 7 жыл 6 айга соттолгон.

Белгилей кетсек, кечээ, 5-октябрда күндүз ЖКнын депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар, эл Ала-Тоо аянтына митингге чыгып, шайлоону тааныбай тургандарын, аны жокко чыгарып, кайра таза шайлоо уюштурууну талап кылышты. Кечинде митингчилер менен күч кызматкерлери кагылышып, көздөн жаш агызуучу газ, суу, кулакты тундуруучу каражаттар колдонуп митингчилерди аянттан сүрүп чыгаруу аракети болду. Бирок, буга карабастан митингчилер Ак үйдү басып алып, 7-кабатка чейин кирип барышты.

Андан кийин митингчилердин бир бөлүгү УКМКнын имаратына барып Алмазбек Атамбаевди бошотууну талап кылышып, аны чыгарышты. Элдин дагы бир бөлүгү түрмөдө жаткан экс-депутат Садыр Жапаровду чыгарышты. Дагы бирөөлөр мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жаткан №27 колониясына барышкан. Таңкы саат 06:20да анын бошотулганы белгилүү болду. Камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков да эркиндикке чыкты. 

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт