Видео – Элнура Алканова, журналист: “Али көрсөткөн документтер жасалма, аны Айеркен Саймаити да интервьюсунда тастыктады”

«Азаттык» радиосу «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (ОССRР) Кыргызстандагы өнөктөшү «Клооп» маалымат агенттиги менен биргелешип «Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо» деген иликтөөсүн жарыялагандан кийин коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылды.

5-каналдын журналисти Элнура Алканова иликтөө жарыялангандан кийин анын реакциясын билиш үчүн ага көмментарийлер келгенин айтып, видеокайрылуу жасаган.

“Али Токтакунов көргөзгөн документтер жасалма экенин июнь айында эле айткам.  Айеркен Саймаити да журналистке берген интервьюсунда документтеги колу аныкы эместигин тастыктады. Ал айткан версия боюча колду банкир койгон. Журналисттер документтердин түп нускасын аныктай албагандыгын өздөрү да айтып жатышат. Ошондуктан достор, жаңылык, иликтөөлөрдү көргөндө ар кандай  айыптоолорду, фактыларды жалган эместигин тактап алгыла ” – дейт Элнура Алканова.

 

С любовью для тех, кто меня любит

Опубликовано Эльнурой Алкановой Пятница, 22 ноября 2019 г.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *