Видео – Фархат Баабиев, КСДПчы: “Жанар Акаев киши деле эмес экен, адам деп айтыш да болбойт”

“Бүгүнкү күндө Ак үйдү чимкирик да кылдык, какырык да кылдык, чындыгын айтканда Ак үй эмес бок үй болуп калды. Ак үйдө 5 гана киши – Анвар Артыков, Карамат Орозова, Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминовдор болгону үчүн гана Ак үй Ак үй болуп турат, чын-чынын айтканда. Калгандарынын баарын көрдүк кимдин-ким экенин..”, – деп билдирди өзүн Жумгалдан келдим деп тааныштырган КСДПчы Фархат Баабиев 22-июнда Алмаз Атамбаевдин үйүндөгү тарапкерлеринин жыйынында.

“Бир жарым жылдан бери мыйзамсыз мамлекетте жашап жатабыз. Жаштар биз муну токтотушубуз керек. Интернетте мен Алмаз Шаршеновичке болушуп, өзүбүз шайлаган депутаттар менен уруша баштадым, Элвира Сурабалдиева, жанагы бизден барган журналист-депутаттар, Жанар Акаев дегендер, киши эмес экен булар. Чын-чынын айтканда адам деп деле айтыш болбойт. Строкова дегендер. Чын, буларды мен көрөйүн деген көз жок калды. Алмаз Атамбаев учурунда мен “Ала-Тоо” программасын үзбөй көрчүмүн, азыр көрөйүн деген көзүм жок. Апрель ТВны гана көрөм. Башка жакта жалаң калп менен ушак. Муну токтотуш керек…”, – деди Фархат Баабиев.

Эсиңиздерге сала кетсек, 22-июнда экс-президент Алмаз Атамбаев өзүнүн президент кезде салган Кой-Таштагы хансарайында Аламүдүн районунун 12 айыл өкмөтүнөн аны камоодон коргойбуз деген жердештерин жана Анвар Артыков, Карамат Орозова, Асел Кодуранова сыяктуу депутаттарды, тарапкерлерин кабыл алып, жыйын өткөрүп, сый тамак берди.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *