Видео – Гүлнара Журабаева: “Аида Салянова 18 жылга шайлай да, шайлана да албай тургандай болуп, саясый укуктарынан ажыраптыр”

“Менин парламенттин Конституциялык мыйзамдар комитетине чоң суранычым бар эле, эч бир мыйзамдар менен жөндөлбөгөн, мындай бир ситуация бар, мисалы, экс-депутат Аида Салянованы депутаттык мандатынан ажыраткан ситуация. Соттун чечими менен Салянованын жаза мөөнөтү азыркы 3 жаштагы кызы чоңойгондо гана күчүнө кирет. Ошондо экс-депутат Аида Салянова кийинки, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышууга укугу барбы? Мен бул суроону БШКнын мүчөлөрүнө да бергем”, – деп сурады кечээ, 3-июнда Жогорку Кеңеште шайлоолор боюнча жаңы мыйзамдарды коомдук угууда БШКнын Ата-Мекен партиясынан мүчөсү Гүлнара Журабаева.
“Эгер Аида Салянованын жаза аткаруу мөөнөтү, кызы чоңойгончо 10 жылга артка жылдырылса демек 18 жыл Аида Салянова өзүнүн саясый укуктарынан ажыраган болот экен да. Тагыраак айтканда 18 жыл шайлай да шайлана да албай калат экен. Ушул маселе өтө татаал жана муну кандайдыр бир жолдор менен чечиш керек. Ошондуктан менин силерге суранычым ушул маселени чечип берсеңер. Убагында силерге БШКнын мүчөсү катары кат жүзүндө да кайрылгам. Ушул маселе кандайдыр бир жолдор менен чечилиш керек”, – деди атамекенчи Гүлнара Журабаева.

Эсиңиздерге сала кетсек, Аида Салянова 2010-жылы Юстиция министри болуп туруп Максим Бакиевдин издөөгө алынган досу Алексей Елисеевге адвокаттык лицензия бергени үчүн 2017-жылы 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан 5 жылга абакка кесилген. Бирок ал жазасын колундагы 3 жашар кызы өсүп жетилгенде, 12-13 жылдан кийин аткарат деп абактан убактылуу бошотулган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *