Видео – ИИМ: Сокулуктагы абалды милиция көзөмөлгө алды

Азыркы учурда Сокулук районундагы абал милиция тарабынан көзөмөлгө алынып, мыйзам чегинде коомдук коопсуздукту камсыздоо жана туруктуулукту сактоо иштери жүргүзүлүүдө. Окуя болгон жерде ички иштер министри Кашкар Джунушалиев жана анын орун басары келишип абалды көзөмөлгө алышты. Министр коомдук коопсуздукту сактоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү боюнча тапшырмаларын берип анын аткарылышын жеке көзөмөлүнө алды.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги Сокулук районунун Орок айылындагы окуя бейбаштык экендигин жана бул окуяны улуттар аралык жаңжал деп айтууга негиз жок экендигин белгилейт.
2019- жылдын 5- июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Сокулук РИИБне Орок айылында жаш балдар арасында мушташ болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Сокулук райондук милиция кызматкерлери барышып маалыматты тактап, иликтөө иш чараларын жүргүзүштү. Иликтөөнүнү жүрүшүндө аныкталгандай 5-июнь күнү эртең менен Орок айылында жергиликтүү үч жаш өспүрүмдөр арасында сөздөн сөз чыгып мушташка айланган.
Натыйжада 2003-жылы туулган эки өспүрүм денесине жаракат алышып, кийин Бишкек шаарындагы бейтапканасына жаткырылышкан. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан белгиленгендей учурда ооруканада дарыланып жаткандардын абалы туруктуу жана тиешелүү медициналык жардамдарын алууда.
Бул факт Сокулук РИИБүндө катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесине ылайык (Ээнбаштык) сотко чейинки өндүрүш башталды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Бейбаштыкка шектүү катары 23-жаштагы А.К., жана 15-жаштагы А.А. кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Азыркы учурда аталган фактылар борюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул чыр-чатакта улут аралык белги жок экенин дагы бир ирет билдиребиз. Орок айылында болгон абалды жөнгө салыш үчүн милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, патруль уюштурулду. Азыркы кезде аталган айылда абал туруктуу.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *