Видео – Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер: “Жылаңачталган жерде экс-президент баш, экс-министр төш болуп жүрсө, анда алар…”

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминналедеги элдин алдына жылаңач чыккан кыздардын видеосу менен сүрөттөрү социалдык тармактарга тез тарап, ал сынга кабылды. Чынында мындай жат көрүнүштү “киргиздер” эле кабыл албаса, кыргыздар кабыл алган жок. Бул иш-чарага барып, аны колдогон экс-президент Роза Отунбаева да кепке калды. Отунбаева боюнча оюн Кадыр Кошалиев министр Азамат Жаманкуловдун кабыл алуусунда айтты.

Жылаңач кыздарга каршы акцияга атайын Ысык Көлдөн келгендер да бар экен. Ал Нурдан Кожогулов аттуу аксакал. Аксакал мындай жат көрүнүшкө аябай ачууланып, “Улуттун ар-намысы, баалуулук деген кайда калды? Ушуга жол бербей, министрлик алдын алышыңар керек болчу, өтүп кеткенден кийин сөз кылбай. “жоо кеткенден кийин, кылычыңды бокко чап!»,-дегендей эле болуп калды»,-деди.

Андан киин сөз алган коомдук ишмер Кадыр Кошалиев, бул батыштын саясаты экенин баса белгиледи. Ал: “Экс-президент баш, экс-министр төш болуп жүрсө, демек, сырткы күчтөр өзүнүн максатына жетейин дегенге чейин келип калды. Бирок, ага кыргыз эли жол бербейт. Биз улуттук баалуулуктарды сакташыбыз керек! “Алагушту атынан атоо керек”,- дегендей, агенттердин атын ачык эле атап чыгуу керек болуп калды. Көптөгөн өлкөлөрдө бейөкмөт уюмдарына, агенттерге тыюу салынган. А бизде болсо?..”,-деп кейиди К.Кошалиев.

Нурдан Кожогулов менен Кадыр Кошалиевдин айткандарын төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган иш-чара 17 күнгө созулмак. Ал бүгүн, 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен токтотулду жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулду. Ал министрдин басымы менен эмес, коомчулуктун кысымы менен кызматтан кеткенин жар салды. Ага өзү түрткү болду, себеби, феминналеде дырдай жылаңач кыздар чыкса, жиптерге: “Аборт кылууга менин укугум бар”,-деп жаштарга терс таасирин бере турган сөздөр жазылган ич кийимдер кир кыпчыткыч менен илинген. Ага коомчулук катуу реакция кылып, намыстуу кыргызымдын жигиттери ага каршы акцияны бүгүн, 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында уюштурду. Аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирди. Ага катышкан активист жарандар: Айбек МырзаТөрөкан Жунусбеков жана акциянын уюштуруучусу Мелис Аспеков ойлорун ортого салып, сунуштарын айтты. Ал эми аны уюштурган куратор Алтын Капалова аны искусство деп, ага теригүүнүн кереги жок деп эсептейт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *