Видео – Калкты тейлөө борборлору ишин жандантты, бирок бири-бирин түртүшкөн, узун кезектер жаралды

Калкты тейлөө борборлору бүгүн, 21-майдан тарта ишин кайрадан жандантты. Бул жерде биринчи иш күнүндө эле жарандардын узун кезекте турган видеосу “Инстаграм” социалдык тармагына тарады.

Анда борбор калаадагы калкты тейлөө борборлорунун биринде жарандар бир канча метрге чейин узун кезекке турушкан. Анда массалык түрдө топтолгон жарандардын бири-бири менен жөөлөшүп, түртүшүп жатканын көрүүгө болот. Эл имараттын ичине умтулуп, кароолчуларды  түртүп кирүүгө аракет кылганы байкалат.

Белгилей кетсек, Пандемия шартында этап-этабы менен ишин баштап жаткан мекемелерде социалдык аралык жана гигиеналык эрежелерди сактоо керектиги буга чейин көп ирет айтылып келди. Бирок бул эрежелер бүгүн сакталган жок.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *