Видео – Каныбек Иманалиев: “Азыр мобилдүү байланыштын аба жыштыгын сатуу алтындан да көп киреше алып келүүдө, бизде миллиардаган акчалар уурдалууда”

“Экинчи законду жөнөттүк, Арстанбапты эркин экономикалык аймак деп жарыялоо боюнча. Бул эмне үчүн? Дүйнөлүк туристтик агентстволор бүткүл дүйөнү иликтептир: “эмне кайсы өлкөдө бренд боло алат?” деп”, – деп билдирди кечээ, 18-майда Жогорку Кеңештин профилдүү комитеттин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев.

“Монголия – Чыңгызхандын мекени катары дүйнөгө тааныла алат экен. Казакстан – урандын мекени катары, дүйнөлүк урандын 60% Казакстанда экен. Кыргызстан – тилекке каршы Ысык-Көл эмес, дүйнөдөгү жападан-жалгыз, реликтовый, жапайы жаңгак өстүрүүнүн мекени экен. Кимде-ким Арстанбаптын аймагында пансионат салса, медициналык мекеме салса, отель, кафе салса НДСти алып салалы. Азыр алар болгону 2,8 млн салык берет экен. Бирок ал жерде 50 миң жаңы жумушчу орун пайда болот да. Жаңы бренд, жаңы контент пайда болот да”, – деди Каныбек Иманалиев.

“Экинчи бир маселе – биз 2014-жылы “Манас” аэропортун сатуу процессин баштаган элек, бирок кечээ Алматынын аэропортун TAV Airports Holding компаниясы $415 миллионго сатып алыптыр. Аэропорт Казакстанда эле калат. 2014-жылы TAV Airports Holding сынактан биздин “Манас” аэропортун утуп алган. Коррупциянын айынан биздин жетекчилер бербей коюшкан. Эмне кылуу керек? Бишкек менен Оштун аэропортун берүү керек. Коррупция азаят, эл аралык каттамдар көбөйөт”, – деди Каныбек Иманалиев.

“Дүйнөдөгү эң чоң реформалар чоң кризистерден кийин башталган. Азыр мындай кылбайлыбы: Ош шаарын – 1 миллион калкы бар шаар кылбайлыбы. Себеби биз Кыргызстанда СССР учурунда эле элдин 65% айылда жашачу. Азыр деле ошондой, өскөн жокпуз. Урбанизация болмоюнча экономика өспөйт. Эмне үчүн 1 млн эл керек? Анда миллион элге тамак-аш керек болот, миллион элге мейманкана керек болот, заправка керек болот. Ансыз деле азыр Бишкектин аэропортуна караганда Оштуна аэропортуна көп адам учуп келет. Кара-Суу районунун жарымын Ош шаарынын курамына өткөрүп берели. Ансыз деле азыр Ошто айыл-чарбасын өнүктүргөнгө жер калган жок. Ошондо эркин Кыргызстандын 2 эки миллиондуу шаары болот. Ош өзүнөн-өзү өнүгүп баштайт. Азыр Ошто эки “Народный” дүкөнү болсо, миллиондуу шаар болгондо 10 “Народный” ачылат. Ош аэропорту Бишкек аэропортуна караганда эл аралык каттамдарга ылайыктуу экен. Ал үчүн “Ош шаары жөнүндөгү” мыйзамга Кара-Суу районунан 3-4 айылды киргизип бериш керек. Мүмкүн Өзгөн жактан. Бул үчүн акчанын кереги жок”, – деди Каныбек Иманалиев.

“Азыр сот иштери болуп жатат бизде, анан Россиядагы эң атактуу миллиардер Зимин айтат: “Мен Билайнга 800 мегагерцти алыш үчүн 1996-жылы 5 млн доллар төлөгөм”, дейт. Биздин азаматтар 200 мегагерцти 700 сомго берип жатпайбы. Мегагерц азыр алтындан да кирешелүү. Кечээ түндө эки коррупционерди кармады. Туура. Мурун Кыргызстанда лицензия сатуу чоң коррупция болсо, азыр герц жыштыкты сатуу чоң коррупцияга айланды. Сиз ошол абаны сатып, жылына 10 млрд сом табасыз. 2015-жылы “Ошканын” 15 минигерц жыштыгы 4 млрд 600 млн сомго сатылган. Кечээ 200 минигерцти 700 сомго сатышыптыр. Ондон-ондон минигерц кылып бөлүп сатсаңар 20 млрд сом түшүп жатпайбы. Абаны сатып жатасыңар, акчанын кереги жок. Даяр акчаны уурдатып жатпайсыңарбы, туугандар, биздин мигранттар тентип жүрөт. Алар бизди каргап жатат да”, – деди Каныбек Иманалиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *