Видео – Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты: “Гейжүрүш өткөрүүдө мыйзам бузулган жок, бирок нарк бузулду”

“Мэриянын өкүлү туура айтат, гейпарад өткөндө мыйзам бузулган жок, бирок, нарк бузулду. Эгер кичүү адам улуу аксакалдан төргө өтүп кетсе, ал мыйзам бузган эмес, ал нарк бузган. Биз, кыргыздар мыйзам менен жашаганыбызга 90 жыл болду, бирок нарк менен жашаганыбызга 1000 жыл болду”, – деп билдирди бүгүн, 13-мартта парламенттин отурумунда депутат Каныбек Иманалиев.
“Биздей аз улут үчүн нарк буд мыйзамдан да күчтүү. Дүйнөдө эки жумада бирден улут жок болуп жатат. Азыр дүйнөдө 7000 улут бар болсо анын ичинен бири эки жумада жоголуп жатат. Улутту улут кылып турган бул тил гана эмес, бул салт, нарк, насил. Гейжүрүш бул уяттуу окуя болду, биз уяла турган окуя болду”, – деди Каныбек Иманалиев.

Булак: KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *