Видео – Карыбек Ибраев: “Кумтөргө 1997-жылы берилген 26,600 гектардан ашык жер, анын ичинде Сары-Чат коругунун жери берилген жок”

“Азыркы күндө КР Өкмөтү менен Центерра Голд компанинин ортосундагы Кумтөр боюнча стратегиялык макулдашуулар боюнча көп талкуулар болуп жатат. 26-августта ал стратегиялык макулдашуу күчүнө кирди. Ал келишимге 2017-жылы кол коюлган. Ал жылы 87 миллион доллар боюнча макулдашып, кол коюшкан. Бирок азыркы өкмөт ал аз деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 150 миллион долларга көтөрдү”, – деп билдирди бүгүн, 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төр агасынын орун басары Карыбек Ибраев.
“2026-жылга чейин Центерра Голд компани Кыргызстанга 150 млн доллар төлөп бериш керек. Анын ичинен 50 млн доллар Жаратылыш фондуна бир транш менен түшөт. Андан тышкары Жаратылыш фондуна жыл сайын 3,7 млн доллар түшүп турат. Ал эми Региондорду өнүктүрүү фондуна бир жылдын ичинде 10 млн доллар түшүш керек. Ушул эле фондго жыл сайын өндүрүлгөн алтындын 0.4%нын акчасы которулуп турат. Онкология ооруларына каршы күрөшүү боюнча фондго бир жылдын ичинде 10 млн доллар бөлүү каралган. Анын 7 млн доллары келип түштү, дагы 3 млн доллар келип түшөт. Андан сырткары геологиялык-чалгындоо жумуштарына 24 млн доллар түшө турган болду ошол келишим боюнча. Ошол келишим азыр күчүнө кирип, биз сотко берген доолордон баш тарттык”, – деди Карыбек Ибраев.
“Азыр дагы Центеррага Кумтөрдөн 26 миң гектар жер берилиптир, ал жер Сары-Чат коругуна кирет экен деп көп сөз болуп жатат. Бул 26,600 гектар жер 1997-жылы эле геологиялык чалгындоо үчүн компанияга лицензия менен берилген. Ошол эле жерлер 2009-жылы кол коюлган келишим боюнча берилмек, бирок ал жакта концессия жана лицензия болчу. Ошолорду бириктирип Центеррага бир уруксат берилмек. Азыр, 2019-жылы ошол документтерин алышты. Быйыл, 2019-жылы февралда Жети-Өгүз районунун Мамлекеттик каттоо кызматынын документтери берилген. Центеррага берилген жерлер Сары-Чат коругуна кирбейт. Чыгыш жагынан чектешип турат, бирок корукка тиешеси жок. Коруктун жери Центеррага берилген эмес”, – деп жыйынтыктады Карыбек Ибраев.


Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *