Видео – Касымалиева менен Карамушкина кайым айтышты. Негизи Касымалиева туурасын айтты, ага Карамушкина чычалабай эле койсо болмок…

Бүгүн, 10-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева менен депутат Ирина Карамушкина кайым айтыша кетишти.

Вице-спикер Аида Касымалиевага сөз кезеги келгенде, ал коллегасы Ирина Карамушкинага кайрылды: “Ирина Юрьевна, Кой-Таштагы окуядан кийин сиздин телефонуңузду тартып алса, Өктөм эженин (Өктөм Мамаева Кой-Таштагы Атамбаевди кармоодо операциясында каза болгон полковник Үсөнбек Ниязбековдун апасы жөнүндө сөз болууда – авт.) баласы өлдү. Неберелери атасыз калды. Учурда Москвада дарыланып жаткан Самат Курманкулов эми өзүнө келүүдө. 20дай адам жаракат алды. Баарыбыз тең адам өлтүргөндөр, барымтага алгандар же адам өлтүрүүгө аракет кылгандар кимдер экенинин так аныкталышына кызыкдарбыз. Бардык адамга мыйзам бирдей. Адамдык сапат деген болуш керек да. Сиз болсо кайдагы бир телефонуңузду айтасыз”, — деди.

Карамушкина дароо жооп кайтарып, «эмнеге менин айткандарыма комментарий берип жатасыз?»,  – дагы «долуланайын»,- деди эле, спикер «это не процедурный вопрос», – деп тыйып койду.

Эки депутаттын кайым айтышын төмөндөгү видеолордон көрө аласыз!

Эскерте кетсек кетсек, Ирина Карамушкина президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап, укук коргоо органдары жарандардын укугун бузуп жаткандыгын жана Кой-Таш окуясынан кийин анын телефонун милиция тартып алып, ушул кезге чейин бере келатканын баса белгилеген. Аида Касымалиева дал ошол кайрылуусундагы телефонун айтып жатат. Туптуура эле анын бетине айтты, ага Карамушкина чычалабай эле койсо болмок.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы хан сарайынан  УКМКнын кармоо операциясы жүрүп, ал ишке ашпай калган. Атамбаевдин тарапташтары каршылык көрсөтүп, кагылыш болуп, бир канча адам жаракат алып, полковник Үсөнбек Ниязбеков окко учуп, каза болгон. Башынан оор жаракат алып, эки жолу операция болгон Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов учурда Москвада дарыланып, эми өзүнө келүүдө… Атамбаев баш болгон КСДПнын айрым мүчөлөрү камакка алынган. Ирина Карамушкинага үй камагына алынган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *