Видео – «Коопсуздук шаарды» коюп жаткан операторго кол көтөргөн жигит кечирим сурады

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Ак-Торпок айылындагы жол жээгинде болгон окуяны милиция бүгүн (22-октябрда) журналисттерге билдирди.
Алардын билдирүүсүнө таянсак, бул инцидент Чүй облусуна караштуу Москва районунда Ак-Торпок айылында, 11-сентябрда, болжол менен таңкы саат 9:20да болгон. Анда «Хонда Фит» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу «Коопсуз шаар» долбоорунун операторуна кол көтөрүп, камераны талкалаганга аракет жасаган. Аны жабырлануучу тасмага тартып социалдык тармакка жүктөгөн. Милиция ал жерге барып ээнбаштык кылган баланы тергөө кызматына алып келип,«кичине бейбаштык» беренеси боюнча айып тагылып, кое берилген. Бүгүн айдоочу оператордон кечирим сураган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *